World News

Элчилик: Казакстанга автоунаа менен жолго чыкпай кое тургула

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги аба ырайына байланыштуу эскертүү таратты.


Анда Астана шаарында 21-22-декабрда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -30га чейин жетери айтылат.


“Акмоло облусунун түштүгүндө түнкүсүн суук -33гө, Карагандада -35, ал эми Чыгыш-Казакстан облусунда -38 градуска жетет. Ошондуктан Казакстандын аймагы аркылуу автомашина менен жолго чыкпай турган туура” дейт элчилик.

Читайте на сайте