World News

HRW Германия депортация кылган тажик активисти мекенинде камакка алынганын билдирди

Тажикстандык оппозиционер активист, мекенинде кыйноого кабылышы ыктымал деген кооптонууга карабастан жакында Германиядан депортация кылынган Дилмурод Эргашев эки айга камакка алынганын 20-ноябрда Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму билдирди жана Берлинди аны камактан чыгарууга көмөктөшүүгө чакырды.


Уюмдун билдирүүсүндө Германия Тажикстандын бийлигине аны камактан тез арада чыгаруусуна же кармоого негиз болгон мыйзамдуу далилдерин келтирүүсүнө, Эргашевдин укуктарынын корголушун толук камсыздашына таасир этиши керектиги белгиленди.




"Эргашевге тийиштүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүлүшү, ага эч кандай ырайымсыз мамиле жасалбашы зарыл", - деп айтылды укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө.


40 жаштагы Эргашев тажик президенти Эмомали Рахмондун башкаруусун кескин сындап жүргөн "Топ 24" оппозициялык кыймылынын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири катары белгилүү. 2024-жылы ал "Реформа жана өнүгүү үчүн" кыймылына кошулган. Германияда тажик бийлигине каршы акцияларга, мисалы, 2023-жылы сентябрда Рахмон Берлинге барганда уюштурулган акцияларга катышкан.


28-октябрда Клеве шаарында кармалган Эргашевди жергиликтүү административдик сот 7-ноябрга чейин депортациялоо чечимин кабыл алган.


Германияда ал 2011-жылдан бери жашады, мекенинде саясий куугунтукка кабылып жатканын айтып, башпаанек сурады, бирок немис бийлиги андай уруксатын берген жок. Адвокатынын айтымында, Германиянын иммиграция мекемеси активисттин оппозициялык ниетинен күмөн санаган. 


Мекенине жөнөтүлөр алдында ал тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылганын, абалына карабастан депортация болгонун The Insider басылмасы жазып чыккан.


Тажикстандын түрмөсүндө активистке күч колдонулуп жатканы кабарланууда.


Укук коргоочулар Тажикстанда бийликти сындаганы үчүн кармалгандар катуу жазага, кыйноого, ал эми алардын жакындары ар кандай куугунтукка кабыларын айтышат. 


Германия укук коргоочулардын эскертүүсүнө карабай тажик бийлигине буга чейин да эки диссидентти өткөрүп берип салганы үчүн сынга кабылган. Авторитардык режимге айланган тажик бийлигин ачык сындаган, бул үчүн мекенинде "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деп айыпталган Абдуллохи Шамсиддин жана Билол Курбоналиев да 2023-жылы депортацияланган. (RK)




 

Читайте на 123ru.net