World News

Израилдин Иорданиядагы элчилигине кол салган киши өлтүрүлдү

Израилдин Аммандагы (Иорданиянын борбору) элчилигинде белгисиз адам полиция кызматкерлерине кол салган. Анын огунан үч полиция кызматкери жарадар болгону, полиция аны атып өлтүргөнү кабарланды.



Учурда Иорданиянын күч кызматтары бул кылмышка катышы бар башка адамдарды да издеп жатышат. Окуя болгон жер курчалып, бийликтер жашоочуларга полиция операциясы аягына чыкканча үйдөн чыкпай турууну эскертишти.






Reuters кабарлагандай Израилдин Газадагы согушун токтотуу талабы менен элчиликтин алдында нааразылык акциялары бат-бат өтүп турат.  



Иордания Израил менен тынчтык мамиледе. Ошол эле учурда бул өлкөдө көптөгөн палестиндер жашайт. Алардын басымдуу бөлүгүн ата-бабалары 1948-жылы Израил мамлекети түзүлгөндөн кийин аймактан чыгып кетишкен.




 

Читайте на 123ru.net