World News

Министрдин орун басары Раимкулова Кыргызстан АЭС курууга даяр эмес экенин айтты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Кыргызстан атомдук электр станциясын (АЭС) курууга даяр эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 25-ноябрдагы жыйынында айтты.

“Атомдук электр станция салууга азырынча даяр эмеспиз. Анткени бизде укуктук-ченемдик актылар жок. Дагы анализ жүргүзүшүбүз керек. Кайсы мыйзамдарыбыз, ченемдик-укуктук актыларыбыз жок болсо, ошолорду толуктоо иштери жүрүүдө”, - деди ал.

Парламенттин депутаты Алишер Эрбаев бирок Министрлер кабинети Орусиянын “Росатом” корпорациясы менен АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол койгонун эске салды.

Асел Раимкулова АЭС маселеси боюнча негизинен Энергетика министрлиги иштеп жатканын айтты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев октябрь айында “Росатом” Кыргызстанга курууну пландап жаткан атомдук электр станция (АЭС) боюнча коомчулукка түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Май айында орусиялык “Прайм” басылмасы “Росатомдун” курамына кирген “Атомэнергопром” ишканасынын жылдык отчётуна таянып, “Росатом” корпорациясы Кыргызстанда жана Мьянмада курууну пландап жаткан чакан атомдук электр станциялардын (АЭС) баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесин даярдаганын жазган.

Энергетика министринин мурдагы орун басары Таалайбек Байгазиев быйыл 25-мартта Орусияда өткөн “Атомэкспо” форумунда Кыргызстан атомдук электр станциясын куруу боюнча “Росатом” менен келишим түзүү алдында турганын билдирген. Ал үчүн корпорацияга караштуу “Новавинд” деп аталган компания менен инвестициялык кызматташуу башталышы мүмкүн экенин айткан.

Кыргыз өкмөтү “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюлган. (BTo)

Читайте на 123ru.net