World News

Аба ырайы: күн ачык болот

Синоптиктер 30-ноябрь, 1-2-декабрь күндөрү Кыргызстанда абанын температурасы төмөндөп, аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөрүн эскертишүүдө. Бул күндөрү жаан, кар жаайт. 2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.


Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.


Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.



28-ноябрда өлкөдө жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 18…23;



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21;



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;



Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5.



Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Читайте на 123ru.net