World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 03.09.2024

Azattyk.org 

Өзбекстан: Сакал койгону үчүн кысымга кабылган жылдыздар

Коңшу Өзбекстанда узун сакал койгондор айыпка жыгылат. Бийлик өкүлдөрү сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратарын жүйө келтирет. Мындай мажбурлоого кабылгандардын арасында чет элдик турист, таанымал ырчы жана Париж олимпиадасынын чемпиондору да бар.

Azattyk.org 

Чүйдө автокырсыктан он кишинин өмүрү кыйылды

1-сентябрда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 51-чакырымында он кишинин өмүрүн алган кырсык болуп, беш машине кагышкан. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталып, 300гө чукул киши каза болду.

Azattyk.org 

Миң-Кушта уу калдык ташыган машине кырсыкка кабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолундагы кырсыктан 10 киши каза болду, экөө өспүрүм балдар. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталып, 300гө чукул киши каза болду. Израилде ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишимине кол коюуну талап кылган акциялар уланды. Анын алдында Газа секторунда хамасчылар бир жылдай барымтада отурган алты кишинин сөөктөрү табылган. Жумгалдын Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор автоунаа кырсыкка кабылганы кабарланды.

Azattyk.org 

"Тынчтык келишимине жетүүнү талап кылабыз". Израилдиги өкмөткө каршы нааразылык

Дүйшөмбүдө Израилде өкмөттөн ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишимине кол коюуну талап кылган акциялар уланып, иш таштоо болду. Анын алдында Газа секторунда хамасчылар бир жылдай мурун барымтага алган алты кишинин сөөктөрү табылган.

Дилноза НЕМАТОВА 

Правительство России по просьбе местных депутатов в рамках развития русского языка обеспечило учебниками школы города Ош Кыргызстана

По инициативе советника депутата Жогорку Кенеша Кыргызстана Дилмурада Рахманова и депутата Ошского городского Кенеша Диляфруз Рахмановой были направлены заявки для получения школами расположенных в сельской управе Кызыл-Кыштак города Ош учебников с русским языком обучения и методических пособий в Россотрудничество России.

Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектептер кайсы тилде окутат?

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 150 миңдей бала 1-класска кирди. Ушул тапта өлкөдө 2377 мектеп бар, анын ичинен 2173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Өлкөдө жалпысынан 1 млн 491 миң бала билим алат.

Azattyk.org 

Ош: Матраимовдордун мамлекетке алынган мүлкү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, учурда тергөө абагында отурган Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын Оштогу бир нече мүлкү мамлекетке кайтарылды. Анын арасында "Эрем", "Динамо" спорт клубдары да бар. Жергиликтүү бийлик аларды кандай  багытта иштетерин азырынча ачыктай элек.

Azattyk.org 

Айтунук менен Гүлназ Парижде: “Биз мындан ары дагы өсүшүбүз керек”

Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиадада кыргызстандык спортчулар Айтунук Жоомарт кызы жана Гүлназ Жүзбаева мелдешти жыйынтыктады. Дзюдочу Маматибраим Суранов 6-сентябрда таймашка катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 8-сентябрда күч сынашат.