4-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
Сот Temirov LIVE каналынын төрт журналистин камакта калтырды. Орус армиясы "Кинжал" ракеталары менен Львов шаарына сокку уруп, кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Чүй облустук сотунун судьясы Тилек Абдырашитов 2 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулду.
Кыргыз өкмөтү интернетте жана медиада жалган маалымат таратты, жалаа жапты жана мазактады делгендерди жазалоону сунуштаган кезектеги мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Эгерде документ парламентте колдоо тапса, анда “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүу кирип, жеке жана юридикалык жактарга 200 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн. Кимдин кандай маалымат таратып жатканын Маданият министрлиги аныктайт. Өкмөттүн мындай демилгелерин жарандардын эркин пикир айтуу укугун чектөө катары сыпаттагандар да жок эмес. Читать дальше...
Таңкы саат беш жарым. Львовдо катуу жардыруунун үнү чыгып, жер бир силкингендей болуп, асманга кара коюу түтүн көтөрүлдү. Ракеталык сокку калаа борборундагы темир жол вокзалынын жанына урулган. Ондогон үйлөрдө өрт тутанып, терезелери күбүлүп түшкөн.
Орусиянын армиясынын Львов шаарына жасаган соккусунан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, 4-сентябрда калаа борборундагы турак жайларга “Кинжал” ракеталары менен сокку урулган. Ал эми шейшембиде Полтавага жасалган аба чабуулдан мерт кеткендердин саны 50дөн ашты. Облуста үч күндүк Аза күтүү жарыяланган.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча келишимдер бар. Бирок сугат системаларынын эскириши, макулдашылган иш-аракеттердин жоктугу суу каатчылыгын курчутуп, келечекте камсыздоо канчалык туруктуу болот деген кыжаалат ойду жаратат.
Жаңы кылымдын таланттуу, дүйнөгө белгилүү скрипачтардын бири Даниэл Лозакович Бишкекте 29-августта экинчи ирет концерт берди. Буга чейин Кыргызстанга 2022-жылы да концерти өткөн. Аны бул ирет белгилүү музыкант, искусство таануучу Михаил Казиник коштоп келди.