World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 06.09.2024

Azattyk.org 

Бишкек “Талибан” кыймылын "кара тизмеден" чыгарды

Кыргызстан “Талибан” кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Кыргыз бийлиги 2006-жылы бул кыймылды террордук уюмдардын тизмесине киргизген. "Талибан" Кабулдагы бийликти кайра басып алганына үч жыл болду. Буга чейин Орусия менен Казакстан "Талибан" кыймылын "кара тизмеден" чыгарган.

Azattyk.org 

Кыздарды зордук-зомбулуктан кантип коргойбуз?

Быйыл 7 айда эле балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча 95 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсү "Азаттыктын" “Эже-сиңдилер” берүүсүндө билдирди. Талкууда балдарга каршы жасалган кылмыштардын алдын алуу, жеткинчектерди коргоонун жолдору туурасында сөз болду. Программага кыздары жабыркаган энелер Айжаркын Мамытбек кызы менен Кыял Темирканова, өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо боюнча активист, психолог Перизат Асылбаева жана Ички иштер министрлигинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Кино дүйнөсүнө эми киргенде өмүрдөн өтүп кетти”

Таланттуу пианист жана кинорежиссер, 48 жашында рак илдетинен улам көз жумган Эмил Атагелдиевди жакындары, кесиптештери эскеришти. Буга чейин анын кесиптештери коомчулуктан жана бийликтен каржылык жардам сурап, тез арада чет жактан дарыланууга муктаж экенин айтышкан.

Azattyk.org 

Медведевдин сунушу, мигранттардын укугу

Владимир Зеленский Курскидеги операцияда орус күчтөрү набыт болгондор менен жарадарларды кошкондо алты миңдей аскерин жоготконун билдирди. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев мигранттарга үй-бүлөлөрүн орус жергесине алып келүүгө тыюу салууну сунуштады. Кыргызстан “Талибанды” террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды.

Azattyk.org 

“Сейрек ооруга чалдыккан сегиз бейтапка акысыз операция жасалат”

Кыргызстанда алгачкы ирет бейтаптарга эндоскопиялык жол менен операция жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук онкология борборунан билдиришти. Эндоскопия учурунда аспап табигый жолдор менен ички көңдөйгө киргизилет.

Azattyk.org 

"Баланын документин да сурашууда". Мигранттарды текшерүү, ТИМдин билдирүүсү

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды зарыл иши болбосо Орусияга барбай турууга чакырды. Аталган мекеме муну Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилиши менен түшүндүрдү. Соңку кырдаал бул өлкөдө иштеп жүргөн миңдеген кыргызстандыктарга кандай таасир этүүдө?

Azattyk.org 

Сырдарыя: Карт тарыхты каткан Коженттеги базар

​Панжшанбе (Бейшемби) – Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң ири базарлардын бири. Анын тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Коженттеги базар - дүйнөнүн чар тарабынан келген туристтерге да эң кызыктуу жай. Базарда сатылган мөмө, жашылча жемиш, азык-түлүк Сырдарыя жээгинде өндүрүлгөн.