World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 08.09.2024

Azattyk.org 

Пакистан: Кыздарды окуткан жалгыз мугалим

Пакистандын 240 миллиондон ашуун калкынын 62% кат-сабаты жоюлган. Өлкөдө кыз-келиндер окуудан көп өксүйт. Биби Рафия 24 жылдан бери кыздарга билим берет. Ал эски тамда, беш класстын кыздарын бир бөлмөгө чогултуп алып, сабак өтөт.

Azattyk.org 

АКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган?

АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган.

Azattyk.org 

Ашынган оңчулдардын аракети. Болгария Орусиянын жолоюна түшөбү?

Болгарияда “Кайра жаралуу” деген ашынган оңчул партия Орусиянын үлгүсүндөгү “чет элдик” агенттер тууралуу мыйзам долбоорун жигердүү сүрөп келатат. Ошол эле маалда партиянын айрым жогорку мүчөлөрү башка өлкөлөрдөн грант алып келгени белгилүү.

Azattyk.org 

Жакынкы Чыгыш: Батыш жээктеги атышуу, Израилдеги митинг

8-сентябрда Иордания менен оккупацияланган Батыш жээктин ортосундагы чек арада атышуу болуп, үч адам каза тапты. Алар Израилдин жарандары экенин, окуя Алленби өткөрмө бекетинде болгону маалымдалды.

Azattyk.org 

"Өмүрүн өнөргө арнаган". Бекбосун Жайчыбеков акыркы жайга узады

Бекбосун Жайчыбеков мыкты сүрөтчү, адамгерчилиги бийик инсан эле. Тирүүлүктөгү майда-чүйдө азгырыктарга алданбай, бир келген өмүрүн бийик өнөргө, асылдык дүйнөсүнө арнап, мыкты чыгармаларды жаратты. Анысы китептерде, журналдарда калды.

Azattyk.org 

Ош: Таза суу көйгөйү, менчикке өтүп кеткен кудуктар

Ош шаарынын бийлиги таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракети башталганын билдирди. Экинчи борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы белгилүү болду.