World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 11.09.2024

Azattyk.org 

Талаштуу мыйзамдын таасири кандай?

Юстиция министрлигинин "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" үч уюм катталды. Алардын катарында ЖИА-бизнес ассоциациясы да бар. Жергиликтүү ишкерлердин башын бириктирген уюм “чет элдик өкүл” мыйзамынын талабын аткаруу үчүн ушундай кадамга барганын билдирди. Юстиция министрлиги 9-ноябрга чейин коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтер кабыл алына турганын кабарлады. Көз карандысыз эксперттер Орусиядагы "чет өлкөлүк агент"... Читать дальше...

Azattyk.org 

“11 жыл Жогорку сотто иштеген Бегайым Америкада кыялына жетпей калды”

Мындан бир ай мурда АКШнын Пенсильвания штатында 37 жаштагы Бегайым Самудунова жол кырсыгында каза болду. Ал трак айдап баратканда кырсыкка кабылып, автоунаа өрттөнүп, Бегайым сыртка чыга албай калган. Ал эми жанындагы өнөгү оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бишкекте Жогорку сотто 11 жыл иштеп, төрт жыл мурун “америкалык кыялыма” жетем деп АКШга барган маркумдун ата-энеси, бир туугандары менен “Мигрант Медиа” маектешип кайтты.

Azattyk.org 

"Иш тажрыйбасы маанилүү эмес ". "Лалафодон" мугалим издеген мектептер

Кыргызстандын мектептерине миңден ашык мугалим жетишсиз. Бишкекте кээ бир мектептер мугалимдерди "Лалафо" аркылуу издеп, иш тажрыйбасы маанилүү эмес дегени талкуу жаратты. Ал тапта тиешелүү министрлик быйыл Орусиядан 200 ыктыярчы келип, башкалаанын мугалим тартыш мектептеринде иштейт деп билдирди.