12-сентябрь: Азимбек Бекназаров кармалды, Трамп Харрис менен экинчи дебатка чыкпайт
12-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
12-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
13-сентябрда Вашингтондо АКШ президенти Жо Байден менен Британиянын премьер-министри Кейр Стармер жолугат. Британ премьеринин сапары Киевдин АКШ жана Британия берген куралдарды колдонууга салынган чектөөнү жеңилдетүү аракеттери күчөгөн маалга туш келди.
Ош облустук милициясы 4-5 жаштагы баласын кагып-силкип, "эшикке укта" деп кууп жаткан кишини тапты. Бул окуя мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдырын эске салып, алар кабылган зордук-зомбулукка байланыштуу талкууну күчөттү.
Эгемен өлкөнүн эркин жаштары жаш курагы, тармагы ар башка болгону менен, аларды эртеңкиге болгон ишеним бириктирип турат. Азаттык+ бул чыгарылышта өлкөнүн келечектүү делген тармактарындагы жаштар ой-кыялы менен бөлүшөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саясатчы Азимбек Бекназаровго “ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу” беренеси менен иш козгоп, камакка алды. Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров атасынын кармалышын "саясий негизде" деп мүнөздөдү.