World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 15.09.2024

Azattyk.org 

"Аялдар, жашоо, эркиндик": Ирандагы кыймыл каармандыкты, тилектештикти күчөттү

Иранда "Аялдар, жашоо, эркиндик" деп аталган элдик кыймылдын башталганына эки жыл болду. 2022-жылы полиция бекетинде набыт болгон студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган жапырт нааразылык Ислам жумуриятында өчпөс из калтырып, каармандыкты жана бекем тилектештикти орнотууга дем берген.

Azattyk.org 

Борбордук Европадагы сел: Румынияда кеминде беш киши набыт болду

Борбордук Европа өлкөлөрү нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селден коргонуунун аракетин улантууда. 15-сентябрда Румынияда кеминде беш киши, Польшада бир киши, Автрияда өрт өчүрүүчү набыт болгону, Чехияда төрт тургун дайынсыз экени кабарланды. Миңдеген киши эвакуацияланып, үйлөр жарыксыз калды.

Azattyk.org 

Миңдеген казак аткаминери Дубайдан кантип үй алды?

“Азаттыктын” казак кызматы Дубайдан кыймылсыз мүлк алган ар кандай мамлекеттик кызматта иштеген же мурда иштеп кеткен 1550 казакстандык тууралуу алты бөлүмдөн турган “Дубайдагы Казакстан” деп аталган журналисттик иликтөөсүн жарыялады. Биз аталган иликтөөнүн автору Манас Кайыртай уулун кепке тарттык.

Azattyk.org 

"Жарык келди, кино көрөбүз". Унутта калган Кең-Суу

Нарын облусундагы Кең-Суу - Тянь-Шань тоолорунун арасындагы капчыгайда жайгашкан чакан айыл. Кыштак унутта калып, эгемендиктин тушунда аны эстеген деле жан болбоду. Турмуш-тиричиликти жеңилдете турган нерселер бул жерге кечигип келет. Тоо койнунда унутта калган айылдагы жашоону алгачкы жолу "Азаттык" радиосунун "Данисте" телепрограммасы 2020-жылы декабрда барып тартып келген.

Azattyk.org 

Комузда кол ойноткон жапониялыктар

Бишкекте Кыргыз-жапон достук концерти өттү. Анда эки элдин өнөрпоздору көрүүчүлөргө ыр-бийлерди тартуулады. Көрүүчүлөр айрыкча жапон жаштарынын комузда күү черткенин сүрөөнгө алып турушту.