Борбордук жана Чыгыш Европадагы суу ташкындын кесепети
Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.
Тынымсыз жааган жамгырдан кийинки суу ташкындын кесепетинен Борбордук жана Чыгыш Европада каза болгондордун саны өсүп жатат.
Бишкектеги тыгынга байланыштуу шаар мэри Айбек Жунушалиевдин ишмердиги коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Мэрия болсо кабыл алынган чечимдерден улам бул маселе жөнгө салынып калганын айтып жатат.
16-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
АКШнын Федералдик иликтөө бюросу - ФБР Республикачылар партиясынан президенттикке аттанган талапкер, экс-президент Дональд Трампка экинчи жолу жасалган кол салууну иликтейт. Мындан кийин Трамп коомчулукка көп чыкпай, шайлоо өнөктүгүн санарип технологиясынын жардамы менен жүргүзүшү ыктымал.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганын айтып, бийлик кайсы бир партия же талапкерди сүрөөнгө албай турганын билдирди. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.
28-августтан 8-сентябрга чейин Парижде өткөн XVII жайкы Паралимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу катышты. Олимп оюндарына жетүү алардын көптөн күткөн кыялы болгон. “Азаттык” эч бир кыйынчылыкка карабай алдына койгон максатына жеткен төрт спортчу Парижге кантип жеткенин баяндайт.