World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 18.09.2024

Azattyk.org 

Wildberries: Миллиардер аялдын ишине Кремл менен Кадыров кантип аралашты?

18-сентябрда Орусияда интернет аркылуу соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде ок атылып, эки киши набыт болду, дагы он чакты адам жараат алды. Жаңжалга Рамзан Кадыровго байланышы бар чечендердин ММА мушкери катышканы кабарланды.

Azattyk.org 

Абактагы Жоомарт Карабаев президенттен жардам сурады

Абактагы Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын билдирип, президентке кайрылды. Ливанда пейжерлердин жарылуусунан тогуз киши каза таап, миңдеген киши жараат алды. Жаңы жылдан тарта Москвада мигранттар тейлөө тармагында иштей албайт. Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты.

Azattyk.org 

Ливандагы пейжер чабуулдун артында ким турат?

17-сентябрда Ливанда бир эле учурда пейжерлердин жарылуусунан ондон ашуун киши набыт болуп, үч миңден ашуун адам жараат алды. "Хезболланын" өкүлдөрү бул үчүн Израилди айыптап, окуяны "коопсуздук системасына жасалган эң ири кийлигишүү" деп аташты. Израил окуя тууралуу үн ката элек.

Azattyk.org 

Ливан: «Хезболланы» бутага алган пейжер чабуулу

17-сентябрда Ливанда бир учурда пейжерлердин жарылуусунан ондон ашуун киши набыт болуп, үч миңдей адам жараат алды. "Хезболла" согушкер тобу Израилди жардыруу үчүн айыптап, ага жооп кайтарууга убада берди. Израил бул окуя тууралуу үн ката элек.

Azattyk.org 

Тажик муфтийине мечитте бычак шилтеген адам кармалды

Тажик полициясы Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзодага кол салган кишини кармап, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бирок талдоочулар муфтий атайын кызмат менен тыгыз байланышып, динчилдердин укугун тебелеген саясатты жүргүзүп жатканын айтышат.

Azattyk.org 

Чырдан арылбаган “Керемет Банк” казак ишкерлеринин колуна тийди

Мамлекеттик "Керемет банк" жеке колго сатылганы белгилүү болду. Убагында колдон колго өткөн банкты өкмөт кымбат баага алып, арзан саттыбы? Ачык маалыматка таянсак, банктын жетекчилигине казакстандык банкирлер келди. Банктын директорлор кеңеши жаңыланып, башкармалыгынын төрагасы да жаңы болду.