World News in Kyrgyz
Сентябрь
2024

Новости за 27.09.2024

Azattyk.org 

100 миң сом айып пул: Медиа коомчулуктун сыны

Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Талаштуу документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган.

Azattyk.org 

Бишкектик студенттин түйшүгү: Акча, батир, тыгын

Бишкек мэриясы студенттердин саат 10дон тарта окуй баштаганы жол тыгынды азайтууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт. Бирок студенттер өздөрү мындай пикирден алыс. Окуу графигинин өзгөргөнү алардын иштеп, кошумча курстарга баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койгонун айтышат. Ансыз да батир, азык-түлүк, контракт кымбаттап атканда бул демилге студенттерге жүк болгондой. Бул чыгарылышта “Азаттык+” Бишкектик студенттердин түйшүгү тууралуу айтып берет.

Azattyk.org 

Мектептеги окуя боюнча Москва менен Ташкент кайым айтышты

Ливанда Израилдин соңку соккуларынан бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Израил коңшу өлкөдө жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын билдирди. Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган. Өзбекстанда мектепте мугалим окуучуга кол көтөргөн окуяга Орусия кийлигишти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Израил армиясы Бейруттагы "Хезболланын" баш кеңсесине сокку урду

Израил армиясы Бейруттун сыртындагы "Хезболланын" борбордук кеңсесине сокку урду. ЦАХАЛ куралчан топтун лидери Хасан Насралланы бутага алганын билдирди. Ливандын Саламаттык Сактоо министрлиги эки адам набыт болуп, 70тен көбү жараат алганын жарыялады.

Azattyk.org 

Ливан: Израил соккусун улантты, Бейрут дүйнөдөн жардам сурады

Ливандын бийлиги Израилдин соңку соккуларынан өлкөнүн чыгыш тилкесинде тогуз кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Израил болсо Ливан тараптан учурулган 10 ракета, төрт дрон жок кылынганын, бир киши жараат алганын жана Ливанда жайгашкан "Хезболла" жоочулар тобуна каршы күрөшү токтобой турганын маалымдады. Ливан өлкө келечегине коркунуч жаралып жатканын белгилеп, эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

Azattyk.org 

Милициянын видеосун интернетке чыгаргандар жазаланабы?

Кыргызстанда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, аларды сүрөт жана видеого тартып, каралоо максатында интернет сайттарга таратууга тыюу салуу сунушталууда. Мындай ченемди камтыган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары алып чыкты.

Azattyk.org 

"Бүгүн суу бар, эртең эмне болот?" Сырдарыянын табиятын кантип сактап калабыз?

Казакстандык эколог Арман Утепов Сырдарыяны жана бүтүндөй Аралды экосистемалык ыкма сактап кала алат деп эсептейт. Адис башка нерселер менен катар дарыядагы бардык гидротехникалык курулуштарды алып салуу керек деп, аларды тирүү организмдеги канды бөгөп туруучу тоскоолдуктарга салыштырат.