World News in Kyrgyz
Май
2026
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 08.05.2026

Azattyk.org 

“Достук” соода-экономикалык паркы үч өлкөнү байытабы?

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды. Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде курулушу пландалып жаткан "Достук" эл аралык соода-экономикалык паркы 100 гектар аймакты ээлейт.

Azattyk.org 

Грузияда мыйзамсыз жүргөн 45 чет элдик жаран кармалды, арасында кыргызстандыктар бар

Грузиянын күч органдары мыйзамсыз миграция менен күрөштүн алкагында 45 чет элдик жаранды кармаганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Индия, Кения жана башка мамлекеттердин жарандары бар. "Иммиграциялык көзөмөл иш-чараларынын алкагында департаменттин кызматкерлери Грузияда уруксаты жок жүргөн чет элдик жарандарды табуу максатында конкреттүү жерлер менен түрдүү жайларды текшеришти", - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак парламенти президент тууралуу конституциялык мыйзамды биринчи окууда карады

Казак парламентинин депутаттары "Казак жумуриятынын президенти тууралуу" конституциялык мыйзамды биринчи окууда карады. Бул жаңы конституция июлдун аягында күчүнө киргенден кийинки жаңы саясий системанын негизги документтеринин бири болуп калмакчы. Мыйзам долбоорун сунуш кылган юстиция министри Ерлан Сарсембаевдин айтымында, 43 беренеден турган документ президенттин жана вице-президенттин макамдарын, ыйгарым-укуктарын жана парламент (жаңыча курултай) менен иш алып баруусун аныктайт. Бийлик реформаны... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте 7-класстагы окуучу айдаган автоунаа кырсыкка кабылып, эки өспүрүм жабыркады

8-майда Бишкекте 7-класстын окуучусу айдаган автоунаа кырсыкка кабылып, эки өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсык Бишкектин Масалиев көчөсү менен Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинде катталды. 13 жаштагы окуучу Kia K5 автоунаасы айдап баратып, Hyundai Porter машинесин сүзүп алган. Жеңил машинеде бараткан эки жашы жете элек өспүрүм жабыр тартты. 14 жаштагы кыздын баш сөөгүнөн жарака кетип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткен: Соодага да "Достук" керек

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде  эл аралык соода-экономикалык парк курулары кабарланды.

Azattyk.org 

Freedom Now эл аралык уюму камактагы Тилекмат Кудайберген уулунун иши боюнча БУУга даттанды

Эл аралык Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld юридикалык компаниясы Кыргызстанда камакта отурган активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) негизсиз кармалган деген жүйө менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктар боюнча жумушчу тобуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат Freedom Now уюмунун сайтына жарыяланды. Freedom Now даттануусунда активистти БАЭ өкмөтүнүн экстрадиция кылуусу жана Кыргызстандын өкмөтүнүн аны башка өлкөдө жүргөн жеринен кармоосу башпаанек... Читать дальше...

Azattyk.org 

ӨКМ 10-12-май күндөрү сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип, коопсуздук чараларын сактоого чакырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) “Кыргызгидромет” борбору шашылыш билдирүү таратып, 10-майдан 12-майына чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Мекеме калкка майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга баруудан кармануу, дарыялардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда накталай акчага суроо-талап өстү

Орусия банкы март–апрель айларында накталай акчага болгон суроо-талаптын өсүшүн каттады жана бул көрүнүштү башка факторлор менен катар мобилдик интернеттин үзгүлтүккө учурашына байланыштырды. Бул тууралуу негизги пайыздык ченди талкуулоо резюмесинде айтылат. "Катышуучулар белгилешкендей, бул көрүнүш салыктык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу, интернеттин убактылуу өчүшү жана калктын санариптик инфраструктурадан көз каранды болбогон төлөм каражаттарын запаста кармоого умтулушуна байланыштуу болушу мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте ысык суу 9-майдан тартып бериле баштайт

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын маалымдады. 8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат. Бишкекте Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тартып айдайт. Ысык суу алгач шаардын борбордук бөлүгүнө берилет. Андан кийин түштүк кичирайондорго... Читать дальше...