Сот Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевди камакка алды
22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду. Саясатчы журналисттерге коюлган айыпка макул эмес экенин айтты.
Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаганы 22-ноябрда белгилүү болду. Атайын кызмат саясатчыга козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.
Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-январда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.
УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.
Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен. (BTo)