"Салыктын эле бир түрү". Күйүүчү майдан Жол фондуна акы алуу сунушу колдоо тапты
Кыргызстанда айдоочулардын чыгымы дагы көбөйөт. Жаңы жылдан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Өкмөт жолдо көп жүргөндөр көп төлөшү керектигин билдирди.