Грузия: Митингге чыккандарды полиция күч менен таратты
Грузияда евроинтеграцияны жактаган ондогон киши кармалып, журналисттер сабалды. Парламент коопсуздукка жаралган коркунуч деңгээлин жогорку чекке көтөрдү. Грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин нааразылык башталган.