World News in Kyrgyz

Ашыкча жүк салган машиналарга 11 айда 112 млн сом айып пул салынды

Жыл башынан бери, 11 айдын ичинде ашыкча жүк салган машиналарга 112 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 634 миңге чукул машина текшерилген жана талап бузууга байланыштуу 7,5 миңге чукул протокол түзүлгөн. Былтыр ушул маалда айып пулдун жалпы көлөмү 55 миллион сомдон ашкан.


Ушул жылдын башынан тартып оор жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары жаза катаалдаган жана айып пулдун өлчөмү көбөйгөн.


Соңку эки жылдан бери июнь айынан сентябрга чейин жүк ташыган машиналарга күн ысыкта жолго чыгууга чектөө киргизилип жатат.


Кыргызстандагы кан жолдордо жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.



Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, ченемдерди сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жумуп, жемкорлук орногону айтылып келген.

Читайте на 123ru.net