World News

Жер мафиясынын тойбостугу же болбосо Кызыл-Кыштакта карапайым эл качан жер тилке алат?

Жер мафиясынын тойбостугу же болбосо Кызыл-Кыштакта карапайым эл качан жер тилке алат?

Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

АЧЫК КАТ

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

1. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер Ш.Капаров убагында жер тилке ажыратып берүү чоң пара менен болгондуктан, карапайым эл ошол убакытта КР Президентине кайрылууга аргасыз болгон. Ал жөнүндө ЖМКда, Аки-пресста 26.01.2015 ж. кайрылуусу дагы чыккан (https://reporter.akipress.org/news:38414/?hl=ru 3 года назад полпредство в Ошской области обещало выделить матери-одиночке землю в с. Сураташ, но до сих пор участок не выделен, - житель (фото)

Ош облусунун губернаторунун орун басарынын 13.02.2012 ж. №Р-34 сандуу катына ылайык эки жетими бар жалгыз бой эне Байрова Нилуфарга Сураташ айылынан жер тилкеси ажыратылып берилет - деп убада берилген.

Жалгыз бой эне Н. Байровага Кызыл-Байрак айылынан 0,06 га жер тилкеси ажыратып берүү жөнундө Кызыл-Кыштак айыл өкмотүнүн 29.01.2015 ж. № 06 сандуу токтому чыккан, АПЗ алуу үчүн Кара-Суу райондук архитектурага квитанция ПКО С0000004231 6800,64 сом акчасы 20.04.2016 ж. төлөнгөн. Бирок, эки жетимди баккан жалгыз бой эне Н. Байрова Ш. Капаровго пара бербегени үчүн факт жүзүндө жер тилкеси ушул күнгө чейин ажыратылып берилген эмес.

2. Экинчи тайпадагы майып Исламова Зарнигорга Кызыл-Байрак айылынан 0,06 га жер тилкеси ажыратып берүү жөнундө Кызыл-Кыштак айыл өкмотүнүн 17.11.2014 ж. №186/1 сандуу токтому чыккан, бирок 2 группа инвалид З. Исламова коррупционер Ш. Капаровго пара бербегени үчүн факт жүзүндө жер тилкеси ажыратылбай, анын конституциялык укуктары одоно бузулуп, жер тилкесин жең ичинен башка жактын тургундарына сатылган.

Натыйжада карапайым элде мамлекеттик органдарга ишеничсиздик жаралып, Матраимовдор кланынын жер мафиясы каалаганын калчап калган. Бирок, КР Президенти жана КР УКМК төрагасы К.К. Ташиев жер мафиясы менен аёөсүз күрөшкөндуктан, Н. Байрова жана З. Исламованын жер тилкелери чоң парага сатылбай, ээлерине берилет - деген ишенич пайда болду.

КР Президентинин жер мыйзамдарын бузууга жол бербөө жана айылдардын калкынын социалдык жактан аялуу катмарынын жер тилкелерин алууга укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатын ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин алууга коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Жер тилкелерин ажыратууда ачык-айкындуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу зарыл. Анткени, жер тилкелерди биринчи кезекте жалгыз бой энелерге, майыптарга, июнь окуясында жабыркагандарга жана башка социалдык аялуу категориядагы жарандарга берилиши керек.

Биздин арыздарыбыз негизинде Кара-Суу райондук прокуратурасы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер Ш. Капаров тарабынан үй-жай куруу үчүн мыйзамсыз ажыратып берилген жер тилкелерди сотко доо арыз берип, мамлекет менчигине кайтарган. Кара-Суу райондук прокуратурасынын көрсөтмөсүнө (предписание) ылайык Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү 2023 жылы Кызыл-Байрак айылынан 0,06 га беш жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алган.

Кызыл-Кыштак айыл аймагы Ош шаарынын курамына киргендиктен, бул жер тилкелерди Ош шаарынын мэриясынын кызмат адамдары Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундарынын жерге болгон конституциялык укуктарын тебелеп-тепсеп, сатып жибербестиги максатында прокурордук көзөмөлдү орнотуу зарыл. Себеби жер мафиясы Ош шаарында элдин нааразылыгын жаратып, жең ичинен жер сатуу токтобой жатат. Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. Кара-Суу райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү (предписание) негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 2023 жылы кабыл алынган жер тилкелерди эсебинен Кызыл-Кыштак айыл өкмотүнүн 29.01.2015 ж. № 06 токтому негизинде Байрова Нилуфар Муталибжановна жана Кызыл-Кыштак айыл өкмотүнүн 17.11.2014 ж. №186/1 токтому негизинде Исламова Зарнигор Аматаллаевнага бош жер тилкелерин парасыз ажыратып берүү боюнча Ош шаарынын мэрине көрсөтмө берип, өз көзөмөлүнүзга алуунузду. Болбосо ал жерлерди дагы сатып жиберишет.

2. Кара-Суу райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү (предписание) негизинде Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 2023 жылы алынган жер тилкелерди Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундарына гана ажыратып берүү боюнча ачык-айкындылуукту камсыздап, мага жазуу түрүндө маалымат берүүнүздү.

 

Коррупционер Матраимовдор кланынын курманы, Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, КР 1 жана 2-Элдик

Курултайларынын делегаты, Ош шаардык кеңешинин депутаты                     Д.Д.Рахманов, 07.05.2024 ж.

Читайте на 123ru.net