20 января 2026 года

World News in Kyrgyz

Январь
2026
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Все новости

Azattyk.org 

Оштун борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын ажырагыс бөлүгү болгон, жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Маалыматта айтылгандай, президенттин 1995-жылдын 16-февралындагы “Социалдык инфратүзүм объектилерин андан ары пайдаланууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №37 жарлыгына ылайык, ишканада мамлекеттин үлүшүнүн көлөмүнө карабастан социалдык инфратүзүм объектилерин сатууга тыюу салынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Атактуу италиялык модельер Валентино 93 жашында көз жумду

Атактуу италиялык мода дизайнери Валентино Гаравани 93 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү анын фонду маалымдады. Маалыматка ылайык, Валентино Гаравани Рим шаарындагы резиденциясында, жакындарынын алдында көз жумган. Ал дүйнө жүзүнө өзүнүн аты — Валентино деген ысым менен таанымал болгон. Reuters агенттиги белгилегендей, атактуу бренддин негиздөөчүсү катары Валентино ири бизнес-империя курган жана мода дүйнөсүнө "Валентино кызылы" деп аталган өзгөчө түстү алып келген. Валентино 2008-жылы пенсияга чыккан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу себебин түшүндүрдү

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде эски айдоочулук күбөлүктөрдү жапырт алмаштыруу өнөктүгү жөнүндө түшүндүрмө берди. Ал мурда Кыргызстандын паспорттору, ID-карталары, айдоочулук күбөлүктөрү жана башка документтери чет жактан чыгарылып жүргөн маалда коргоо элементтери алсыз болгонун, ошондуктан анын көбү жасалма болуп кетип, Кыргызстандын аброюна шек келтиргенин билдирди. Мамлекет башчы былтыртан тартып басып чыгаруу “Учкун” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлүп жатканын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Карачи: Cоода борборундагы өрттөн 20дай киши каза тапты, 60тан көбү дайынсыз

Карачидеги соода борборунда тутанган өрттөн кийин 60 кишинин дайыны табылбай жатканын Пакистан бийлиги дүйшөмбүдө билдирди. 17-январда бир миң 200 дүкөн жайгашкан "Гүл Плаза" ири борборунда болгон кырсык кеминде 21 кишинин, арасында бир баланын өмүрүн алганы расмий кабарланган. Маалыматка караганда, биринчи кабаттагы өрт тууралуу кабар саат 22.38де түшкөн, бирок өрт өчүрүүчүлөр барганда тилсиз жоо жогору жактарга жайылган. Түнү бою чукул кызматтар аман калгандарды издеп жатты. 19-январда куткаруучулар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токаев Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганы кабарланды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамптын «Тынчтык кеңешине» кирүү сунушун кабыл алганын расмий Астанага шилтеме менен "Рейтер" агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Токаев Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жана глобалдык стабилдүүлүктү бекемдөө аракеттерине салым кошууга даярдыгын айтып, америкалык президентке чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Рейтер" тактагандай, «Тынчтык кеңешин» Трамп түбөлүк жетектейт деп күтүлүүдө. Алгачкы маселе катары Газа тилкесиндеги жаңжал каралмакчы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кабулдагы жардыруудан жети киши каза тапты

Ооганстандын баш калаасындагы жардыруудан жети киши каза тапканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди. Кабулдун полиция башчысы Халид Задрандын айтымында, окуя 19-январда шаардын Шахр-и-Нав районундагы мейманканада болгон. Коопсуз болуп эсептелген популярдуу коммерциялык конушта көптөгөн кеңселер, соода борборлору жана элчиликтер жайгашкан. Хирургия борборунун өкүлдөрү 20 кишиге тез жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жараат алгандардын арасында төрт аял жана бир бала бар. Tolo News булактарына таянып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Сириянын өкмөттүк армиясы күрт күчтөрүн өлкө түндүгүнөн сүрүп чыкты

Сириянын өкмөттүк аскерлери өлкө түндүгүндөгү күрт күчтөрүн сүрүп чыгарганын бир катар медиа кабарлады. Маалымат боюнча жекшембиде бир нече күнгө уланган кармаштан кийин күрттөрдүн куралдуу кошууну - Сириянын демократиялык күчтөрү 10 жылдан бери көзөмөлдөп келген провинциялардан, анын ичинде газ кендеринен чегинүүгө макул болду. Сириянын армиясы Алеппо жана Дейр-эл-Зор аймактарынын ири бөлүктөрүн, Евфрат дарыясындагы эки ГЭСти ээлегени маалымдалды. Өкмөттүк күчтөр бир кездери «Ислам мамлекети” террордук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажик-ооган чек арасында төрт согушкер жок кылынды

Испаниянын түштүгүндө эки ыкчам поезд кагылышып, кеминде 39 адам мерт кетти. Эмне үчүн ыкчам жүргөн поезддин вагондору тилкеден чыгып кеткени белгисиз. УКМК Бишкектеги реабилитациялык борбордун кызматкерлерин кармады. Алар борбордо бейтаптарды аёосуз сабап, кыйнаган деп айыпталууда. Орусиянын Камчатка жарым аралында 3 метрге чейин кар түштү. Үйлөр көмүлүп, чатырдан түшкөн кар эки адамдын басып калды.

Azattyk.org 

Гренландия: НАТОдогу өнөктөштөргө ишенебиз

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын автономдуу аймагы – Гренландияны алуу аракетин улантууда. Копенгаген жана Нууктагы бийлик аралдын сатылбасын, анын тагдырын АКШ чечпей турганын билдирип, "Орусия же Кытай тараптан коркунуч туулуп жатат" деген сөздөрдү четке кагууда. Европалык лидерлер Гренландияга колдоо болоорун кайталап, Вашингтондун аракеттери НАТОнун бөлүнүп-жарылуусуна жеткирерин эскертүүдө.