"Ооруну тиш доктурдан жугузган". Мукам үндүү ырчы кырктын кырында дүйнөдөн өттү
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-eb81-08dc7414ee0a_cx0_cy24_cw0_w800_h450.jpg)
Белгилүү ырчы, аткаруучу Рустам Сагыналиев кырчындай 40 жашында оорудан улам акка моюн сунду. Ал тогуз жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы “Эл шайырлары” тобунда эмгектенип жаткан.