Келгенинен кеткени бат Чудинов. Президент министр Ибраевге ачууланды
![Келгенинен кеткени бат Чудинов. Президент министр Ибраевге ачууланды](https://gdb.rferl.org/793BBA38-E72E-4D4F-9362-AAB6DCEBD516_w800_h450.jpg)
Энергетика министрлигинин алдындагы "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башчылыгына дайындалган мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов эки күн иштебей кызматынан кол жууду. Бул дайындоого президент Садыр Жапаров каршы чыгып, энергетика министри Таалайбек Ибраевге эскертүү берди.