World News

Ирандыктар беш күн аза күтөт

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланды. Бүгүн президент Эбрахим Раиси жана аны менен чогуу бараткан расмий адамдар, анын ичинде тышкы иштер министри Хусейн Амир-Абдоллахиян тик учак кырсыгында набыт болгону расмий кабарланды. Дүйнө лидерлери Ислам жумуриятына көңүл айтууда. Тоолуу аймакта кулаган тик учакты издөөгө бир нече өлкө катышты.

Читайте на сайте