Франциядагы шайлоо, күтүүсүз жыйынтык
Францияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун экинчи айлампасында күтүүсүздөн солчулдардын "Жаңы элдик фронт" альянсы алдыга чыкты. 7-июлдагы добуш берүүдө буга чейин утары болжолдонуп жаткан ашынган улутчулдар үчүнчү орунду араң ээледи.