Киев: Орусиянын соккусу балдар ооруканасын талкалады
![Киев: Орусиянын соккусу балдар ооруканасын талкалады](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-e356-08dc9f6787a0_tv_w800_h450.jpg)
Орус армиясынын Киевдеги балдар ооруканасына тийген ракетасы 17 өмүрдү кыйды. Ондогон адам жараат алганын шаар бийлиги билдирди. Баш калаадан тышкары 8-июлда орус армиясынын аба чабуулуна Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск шаарлары да кабылып, ондогон киши каза болгону айтылды.