Ишкана-фирмаларды диний сөздөр менен атоого тыюу салынды
![Ишкана-фирмаларды диний сөздөр менен атоого тыюу салынды](https://gdb.rferl.org/BB065B70-2990-47B3-98C4-6FCD66EED1AC_w800_h450.jpg)
Президент Садыр Жапаров компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Ага ылайык, мындай сөздөрдүн тизмесин, пайдалануу тартибин өкмөт аныктайт.