Казакстан: Сот хижаб кийген кыздардын окууга киргизилбешин мыйзамсыз деп тапты
![Казакстан: Сот хижаб кийген кыздардын окууга киргизилбешин мыйзамсыз деп тапты](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f475-08dc5238176d_cx0_cy27_cw0_w800_h450.jpg)
Казакстандын айрым аймактарында сот мектеп администрациясынын жоолукчан кыздарды сабакка киргизбей коюусун жана окуудан чыгаруусун мыйзамсыз деп тапты. Бирок соттон утуп чыккан ата-энелер менен мектептердин тиреши токтой элек.