Кемпир-Абад иши боюнча сот 23-августка калды
![Кемпир-Абад иши боюнча сот 23-августка калды](https://gdb.rferl.org/01000000-c0a8-0242-234e-08dcb61d8b4c_tv_w800_h450.jpg)
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева Орусияда түрмөдөн бошотулгандан кийинки жашоосу тууралуу айтып берди. Бишкек шаардык сотунда башталган Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны айрым айыпталуучулар келбей калгандыктан 23-августка жылды. Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков чейрек финалда жеңилди. 7-августка караган түнү балбан Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күч сынашса, Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн күрөшөт.