Германиядагы кол салуу: кыргызстандык өспүрүмдүн тек-жайы такталууда
Германиянын Золинген шаарындагы кол салууга байланыштуу 15 жаштагы кыргыз жараны кармалганы тууралуу немис медиасында маалыматтар жарыяланып жатат. 23-августта шаарда өткөн фестивалдын катышуучуларына белгисиз адам бычак менен кол салганда үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган.