World News

Борбор Азиядагы мураскорлор: Саиданын саясий дымагы

Өзбекстандын президентинин кызы Саида Мирзиёева атасынын жардамчысы болуп дайындалгандан бир жыл өтүп-өтпөй чөлкөмдөгү лидерлер менен бетме-бет сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады. Анын Астанадагы сапарын казак басылмалары байма-бай талдап, өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң кубаттуу туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди жана убагында анын мураскери деп сыпатталган кызы Дарига Назарбаеваны эске салышты.

Читайте на 123ru.net