World News

"Чоң жети" Ирандан ХАМАС, "Хезболланы" колдоону токтотууну талап кылды

"Чон жети" (G7) уюмуна мүчө өлкөлөр Иранды ХАМАС (АКШ жана Европада террорду уюм деп таанылган), "Хезболла" жана башка радикал уюмдарды колдоону жана Жакынкы Чыгышта абалдын туруксуздугуна алып келүүчү аракеттерди токтотууга чакырышты. Ошол эле учурда АКШ Израилди Бейруттун жака белине чабуулдарын токтотууга үндөдү.



Жети өлкө 19-октябрда тараткан биргелешкен билдирүүсүндө Иран ХАМАС, "Хезболла" радикал уюмдарын, хусилерди жана башка бейрасмий түзүмдөрдү колдоосун токтотушу керектиги жазылган. 



ХАМАС, "Хезболла", Йемендеги хуси козголоңчулары да АКШда террордук деп таанылып, ошол эле кезде Ирандын Жакынкы Чыгыштагы ишенимдүү уюмдары болуп саналат.



АКШнын коргоо министри Ллойд Остин "Вашингтон Израилдин Бейрутка жана анын айланасына чабуул коюусун токтотуусун каалай турганын" билдирди.



"Жай тургундар арасында курмандыктар көп болууда. Биз Израил Бейрутка жана анын айланасына чабуулун токтотуп, карапайым элдин үйүнө кайтуусун шарттай турчу сүйлөшүүлөргө өтүүсүн каалайт элек", - деди Остин.


"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия. Аны АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.




 

Читайте на 123ru.net