World News

Молдовада евроинтеграцияны жактаган Санду экинчи мөөнөткө шайланды

Молдовада 3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, азыркы мамлекет башчы Майя Санду добуштардын 55,4%, ал эми анын атаандашы, орусиячыл саясатчы Александр Стояногло 44,6% алды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын 4-ноябрдагы маалыматына караганда, добуштардын айырмасы 165 миңден ашты.


Сандуну колдогондор борбор калаа Кишиневдо жана чет жакта жашагандар арасында көп болду.


Орусиянын кийлигишүүсү, добуштардын бурмаланышына катышуусу тууралуу айыптоолор айтылган бул шайлоо жараянынын жыйынтыгында Санду:  “Молдова, сен жендиң!” - деп жарыялады.




Сандунун тушунда калкы 2,5 миллион киши болгон мурдагы советтик жакыр өлкө евроинтеграция жолуна түштү.


2022-жылы Молдова Евробиримдикке талапкер макамын алды, быйыл жыл башында бул биримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды.


20-октябрда Молдовада президенттик шайлоонун биринчи турунда Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган. (RK) 




 

Читайте на 123ru.net