Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору каралууда
"Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" деп аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берилбейт. Аталган мыйзам долбоору 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде экинчи окууда кабыл алынды.
Комитет мүчөлөрү мамлекеттик медициналык мекемелерди бир эле адамдар улам жетектеген учурлар бар экенин эскертишип, алардын жетекчилик мөөнөтүн чектөөнү сунушташты.
Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемени жетектеп туруп, жеке клиника ачып алган же ал жакта кошумча иштеген айрым кызмат адамдарына карата сын-пикирлер айтылган. Алардын бири - Улуттук Онкология борборунун мурдагы башчысы Бактыгүл Султангазиева ушундай дооматтардан кийин кызматынан бошотулганы 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде маалым болду. (ZKo)