World News

Санарип министрлиги Интернеттин үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү

Санариптик өнүктүрүү министрлиги тышкы Интернет берүүдө маселе жаралганын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Махтумкули Рысбеков 13-ноябрдын кечинде "Фейсбуктагы" баракчасына жазгандай, тышкы Интернет берүүдө маселе жаралган.


"Бул кырдаал Казакстан Республикасынын аймагындагы жогорку деңгээлдеги провайдерлердин көйгөйлөрүнө байланыштуу. Азыркы учурда адистер интернет байланышын туруктуу абалга келтирүү жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат",-деп жазылат билдирүүдө.




13-ноябрь, түнкү 21.00-22.00 дордон баштап кыргызстандыктар Интернет жайлап, айрым учурда такыр иштебей жатканына нааразылык билдиришкен. Mega, Homеline, O! жана башка бир катар мобилдик операторлордун жана провайдерлердин колдонуучуларында Интернет үзгүлтүккө учураганы байкалган.




 


 

Читайте на сайте