World News

Казакстан: Ата-энеден бөлөк чоңойгон бала тагдыры тууралуу тасма "Оскарга" жөнөтүлдү

Казакстандык режиссер Асхат Кучинчирековдун "Бауырына салу" тасмасы америкалык "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты фильм" номинациясына тандалып алынды. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматы тасманын расмий Instagram баракчасындагы маалыматка таянып жазды. 


Фильмде жаш жубайлар тун же кичүү баласын чоң ата, чоң апасына берип койгон салт тууралуу баяндалат. Башкы каармандын өз ата-энеси менен мамилесиндеги кыйынчылыктары, ортодогу түшүнбөөчүлүк көйгөйү көрсөтүлөт. Чоң апасынын колунда чоңойгон бала анын көзү өткөндөн кийин ата-энесинин колуна барганда алардын жанында өзүн чоочун сезет.




Режиссёр өзү бул эмгегин дээрлик автобиографиялык тасма деп атаган жана чал-кемпир колунда өскөн бала өзүн жалгыз сезерин, эмоционалдык травма менен жашарын айткан.


"Бауырына салу" тасмасы буга чейин бир нече эл аралык сыйлыкка татыган.


Казак көрүүчүлөрү арасында фильм кызуу талкуу жаратты. Мындай салтты жактагандар чал-кемпирдин мээримин көрүп чоңойгондор улууларга күйүмдүү, үй-бүлөсүнө камкор, өзүнө ишенимдүү адам болуп калыптанарын айтууда. Ал эми каршылар ата-энесинен бөлүп коюу ар бир бала үчүн стресс экенин белгилешет.


Эгемен Казакстандын 30 жылдык тарыхында "Оскар" сыйлыгына ондон ашуун тасма тандалып алынган. Алардын экөө - Ермек Турсуновдун "Келін" (2009-жыл) фильми жана Сергей Дворцевойдун "Айка" тасмасы (2018-жыл) талапкерлердин баштапкы тизмесине кирген. (RK)




 

Читайте на 123ru.net