World News

Батыш автобекети жери, мүлкү менен кошо мэрияга берилди

Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги Батыш автобекети жалпы мүлкү, тийиштүү жер тилкелери менен чогуу акысыз пайдалануу үчүн мэрияга берилди. Документте жазылгандай, мэрия Батыш автобекетин Бишкек шаардык кеңеши (жаңы чакырылыштагы) караганга чейин пайдаланат.



Ошондой эле өкмөттүн токтому менен Бишкек мэриясына жаңы автобекет иштеп баштаганча, убактылуу автобекеттердин ишин уюштуруу милдети жүктөлгөн. Ага ылайык, бул убактылуу автобекеттерде шаар четиндеги, шаар аралык, облустар аралык жана эл аралык автобус, автоунаа каттамдарын жөнгө салынууга тийиш.



Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагында жайгашкан "Ак-Кула" жаңы ат майданынын аймагындагы убактылуу автобекеттен:



- Бишкектен батыш, түндүк-батыш жана түштүк-батыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги каттамдар;



- Талас облусуна жана түштүк аймактарга багытталган автобус каттамдары;



- эл аралык автобус каттамдары жүрөт.



Ч.Валиханов көчөсү менен Шабдан Баатыр проспектинин кесилишинде жайгашкан Бишкек троллейбус башкармалыгынын 2-ДЕПО аймагында жайгашкан убактылуу автобекеттен:



-Бишкектен чыгыш, түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгыш багыттарындагы шаар четиндеги жана облус ичиндеги каттамдар уюштурулат.



Бишкек мэриясы убактылуу автобекеттердин иштөө режимин, жүргүнчүлөрдү, айдоочуларды жана автобекет кызматкерлерин тиричиликтик жана техникалык тейлөө объекттеринин иштөөсүн камсыз кылууга милдеттендирилди.



Бишкектеги Батыш автобекетинин иши 23-октябрда токтотулуп, каттамдар Алматы 1/1 дарегиндеги Бишкек автобекетине жана шаардын батыш тарабындагы РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекетке которулган. Социалдык тармактарда бул багыттарга каттаган таксисттер автобекетте эч кандай шарт жоктугун айтып, нааразы болушкандан кийин, мэрия бул убактылуу гана автобекет болорун, негизги Батыш автобекети Бишкектин Фучик көчөсүнө курулуп жаткан ири комплекске жайгашарын билдирген.(ZKo)

Читайте на 123ru.net