World News

Султанбековдун "Жаңы күч" тууралуу Ташиевге кайрылуусу, Конгантиевдин жообу

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө абагынан атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге "Жаңы күч" партиясы жана анын башчысы Кубанычбек Конгантиев тууралуу кайрылуу жолдоду. Анда Конгантиев уулу Тай-Мурастын өкүл атасы экенине карабай, добуш сатып алуу фактыларынын баарын текши текшерүүгө, алардын дагы жүйөсүн угуп, баарына бирдей мамиле кылууга чакырды.


Камчыбек Ташиев буга байланышту үн ката элек.


"Жаңы күчтүн" лидери "Азаттыка" комментарий берип, Султанбековдун дооматтарын четке какты. Анын билдирүүсүнө байланыштуу аталган партия сотко кайрыларын маалымдады.



Темирлан Султанбековдун тергөө абагынан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон катында үгүт маалында Кубанычбек Конгантиев баштаган "Жаңы күчтүн " лидерлери менен болгон жаңжалга токтолгон. Бул партияны добуш сатып алууга айыптап, 15 факт чогултканын жазган. Ташиевден Конгантиев анын уулунун өкүл атасы экенин карабай баарына бирдей мамиле жасап, адилеттүү болууну өтүнгөн:



"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгындагы тергөөчүлөрдүн, ыкчам кызматкерлердин баары биз тараптан эч кандай добуш сатып алуу жоктугун, бирок алар сиздин буйругуңуздун негизинде иш алып барганга мажбур болуп жатканын айтышты, далил катары УКМКдан 8-ноябрда келген тергөө тапшырмасын көрсөтүштү. Сиз бүгүнкү күндө биздин лидерлерибиздин бирисиз. Сиз баарына бирдей мамиле кылышыңыз керек. Мен уулуңуз Тай-Мурасты, анын өкүл атасы Конгантиевди абдан жакшы көрөрүңүздү түшүнүп турам. Бирок сиз мени, мендей миллиондогон башка балдарды дагы өз уулуңуздай көрүшүңүз керек. Сиз акыйкат жетекчи болушуңуз керек. Конгантиев биздин жолугушууга өзү келип чагымчылык кылган".



Султанбеков бул кайрылуусунда Конгантиевди 2012-жылдан бери бир катар партиялардын тизмесинде шайлоого катышканын белгилеп, аны "коньюктурчу" деп да атаган.



Камчыбек Ташиев жана УКМК бул билдирүү тууралуу азырынча үн ката элек.




Добуш берүүгө аз калганда Социал-демократтар партиясы шайлоодон четтетилип, төрагасы Темирлан Султанбеков "добуш сатып алуу" беренеси менен камакка алынган. Ал күнөөлүү эмес экенин айтып келет.



Кубанычбек Конгантиев "Азаттыкка" жазуу түрүндө комментарий берди.


Анда Ташиевдин уулу Тай-Мурастын өкүл атасы болорун жокко чыгарган эмес. Темирлан Султанбековдун добуш сатып алууга айыптаган дооматын негизсиз экенин билдирген:



"Биздин өлкөдө жаш жубайларга өкүл ата дайындоо салты бар. Өкүл ата – бул жаштардын кызыкчылыгын коргогон, таяныч жана колдоо көрсөткөн адам. Биздин чакан өлкөдө ар кимибиз бири-бирибизге өкүл ата жана өкүл бала болуп калдык. Балким, кыргызда өкүл ата болуп бериңиз деп чакырбаган бир дагы түгөй жок болсо керек. Чынында эле, биз, кыргыздар, баарыбыз бири-бирибизге тууган болуп калдык. Султанбеков мырзанын добуш сатып алуу боюнча 15 факты болгон дегени жалган. Эгер чындап болсо эмнеге аларды далилдеп, шайлоо иштеринин аягына чейин сактап, жашырган? Эгерде фактылар чынында эле болгон болсо, алар дароо коомчулукка ачык айтылышы керек эле. Султанбеков мырзанын БШКга кайрылганынан караганда, ошол фактылар салыган кызыл папка дайынсыз жоголгон. Мындан улам муну жарандарды жаңылыш маалымат менен адаштыруу аракети деп бааласа болот".



Конгантиев үгүт маалындагы жаңжалга дагы токтолгон. Анда Султанбековдун "Жаңы күч" партиясынын талапкери, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун уулу Айдар Суракматовго "орой сөздөрдү айтып, мазактаганын" жазган.



"Биз "Жаны Күч" партиясына жана анын талапкерлерине карата айтылган орой сөздөр боюнча сотко доо арыз даярдап жатабыз. Бул чыр-чатак башталган учурдан тартып эле, социалдык тармактардагы негизсиз билдирүүлөр коомдо чыңалууну күчөтүп жатканда, биздин партия бардык аракеттерди мыйзам чегинде жүргүзөрүн билдирген. Эми акыркы чечимди сот чыгарат", - деп жазылган жоопто.






Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо “Жаңы күч” партиясы марага биринчи келип, 36 095 (29,37%) добуш алды. Бул партияны шайлоого Кубанычбек Конгантиев жетектеп барган. Ал буга чейинки чакырылышта төрага болгон. "Жаңы күчтүн" тизмесине буга чейин дагы депутат болгондор, шаардын мурдагы жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер жана алардын балдары кирген. Бул партияга Жогорку Кеңеште депутаттык мандатын өзү катышкан мушташка байланыштуу мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абиров дагы кошулган.



Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиева "Жаңы күчтүн" озуп келген себебин чечмелеп, өлкөдө добуш сатып алуу аракети тыйылбай жатканын белгиледи:



"Бул жерде "Жаңы күч" партиясынын биринчи келгени эч кимди деле таң калтырбайт. Себеби буга чейин иштеп жүргөн адамдар ушул партиянын курамы менен чыкты. Айрымдарынын электораты бар болчу. Азыркыга чейин добуш сатып алуу фактылары эң ириде элдин жакырчылыгы менен байланыштуу. Элибиз эгер үч миң, беш миң сомго муктаж болбогондо мындай шайлоолор болбойт эле. Мен, мисалы, айрым талапкерлерден "өтпөй калдык, бирок элге айлык катары эле төлөп берген акчабыз 30 миң долларга жетти" деп айтып аткандарын уктум. Темирлан Султанбеков камалган жагдайды тергөө аныкташы керек. Чындап эле добуш сатып алуу болгонбу же болбогонбу - тергөө аныкташы керек. Мен аларга коюлган беренени карасам, алар айыптуу деп табылганда деле беш миң сом айып пул салынат экен. Ошондуктан аларды эки айга камап коюунун зарылчылыгы бар беле, жок беле - аны дагы карап көрүш керек. Юристтер алардын камакка алынганы туура же туура эмес болгонун сөзсүз карашы керек".



Бишкек шаардык кеңешке "Жаңы күчтөн" сырткары "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары өттү.




Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова шайлоо алдында гана түптөлө калган же ишин жанданткан партиялардын көпчүлүк добуш алган учурлары дагы деле уланып жатканын айтты. Бул жагдайды өзгөртүү үчүн мыйзам өзгөрүшү керектигине токтолду:



"Шайлоодо көпчүлүк мандатты алган "Жаңы күч" партиясы ушул жылдын апрель айында гана катталыптыр. Бул жерде жалпы партиялык системанын көйгөйлөрү бар. Саясий партиялар тууралуу мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Анча-мынча гана өзгөрүүлөр болбосо, партиялык системаны өнүктүрө турган, жаңы партияларды саясий талаага алып келе турган өзгөрүүлөр киргизилген жок. Ошондуктан шайлоодо партиялар, алардын тизмеси өзүнчө эле бизнес долбоор болуп калды. Аттуу-баштуу, акчалуу адамдар бириге калып эле шайлоого катыша калат. "Жаңы күчтүн" тизмесинде деле ушундай адамдар аз эмес. Саясий эле эмес, жеке, бизнес кызыкчылыктары үчүн деле бириге калгандар аз эмес".



Жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-ноябрда өттү. Ага Бишкек жана Ош баштаган 33 шаардык кеңешке 45 партиядан беш миңдей талапкер катышты.




 

Читайте на 123ru.net