World News

Австралияда баланы TikTok жана башка платформалардан чектөө сунушу колдоо табууда

Австралияда бүгүн 27-ноябрда парламенттин Өкүлдөр палатасы 16 жашка чыга элек балдардын социалдык түйүндөрдү колдонуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Эми дүйнөдө биринчи жолу көтөрүлгөн мындай демилгени Сенат карап чыгып, мыйзам долбооруна кошумча-алымчаларын киргизиши керек болот.


Associated Press маалымат агенттиги кабарлагандай, документти негизги партиялар колдошту.


Мыйзам күчүнө кирсе TikTok, Facebook, Snapchat, Reddit, X жана Instagram платформалары мындан ары балдардын аккаунт ачышына жол бере турган болсо 50 миллион австралиялык доллар (33 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү болот.




Колдонуучулардын жаш курагы боюнча көзөмөл жүргүзүү механизмин иштеп чыгууга аларга бир жылдык убакыт берилет.


Өспүрүмдөргө карата мындай чектөө сунушу менен парламентке бир нече күн мурда өлкөнүн байланыш министри кайрылган. Ал Австралияда ата-энелердин 95% Интернеттеги коопсуздукту бала тарбиялоодогу негизги көйгөй деп аташканын жүйө келтирген.


Демилгени сындагандар тыюу салуу балдардын Интернеттеги коопсуздугу боюнча маселени чечпей турганын айтып жатышат. (RK)




 

Читайте на 123ru.net