"Жалаа жана мазактоо" үчүн айып. Мыйзамды аткаруу милдети милицияга жүктөлөт
Жогорку Кеңештин тармактык комитети интернет менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жана мазактоо үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Өкмөт айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына Ички иштер министрлиги жоопкер болорун айтууда.