Сөгүшкө жеткирген ноутбуктар: алешемдик кимден кетти?
Президент Садыр Жапаров мектептердеги мугалимдерге сапатсыз ноутбук сатып берген деп өкмөт башчысы Акылбек Жапаров баш болгон бир нече чиновникке сөгүш берди. Кыргыз өкмөтү буга чейин мугалимдерди атайын компьютерлер менен камсыз кылуу планын жарыялаган.