World News

"Аккуланын" жери 49 жылга берилди. Бишкекке инвестиция салгысы келген вьетнамдыктар

Бишкектеги мурдагы "Аккула" ат майданынын жери вьетнамдык жарандар түзгөн компанияга берилди. Бул инвестор жер тилкени 49 жылга ижара алып, бул үчүн шаар казынасына 67 миллион доллар төлөшү керек. Бул маалымат ачыкка чыккан соң ат майдандын 53 гектардан ашык тилкесин алган инвестор ким деген суроо коомчулукта кызыгуу жаратты.


Бишкек мэриясы “Аккула” ат майданынын 53 гектардан ашык жери ири турак жай жана бизнес комплекстерди куруу үчүн “РЦА Ливинг” деп аталган фирмага берилерин жарыялады.




Министрлер кабинети менен инвестор болуучу компаниянын ортосундагы инвестициялык келишим 14-октябрда түзүлгөн. Инвесторлор ал жерге заманбап турак-жайларды, бизнес борборлорду, коомдук имараттарды жана социалдык объекттерди курары кабарланды.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 26-ноябрда чыгарган токтомуна ылайык, ат майдандын 53,5 гектар жер тилкеси “РЦА Ливинг” ишканасына 49 жылга пайдаланууга берилип жатат. Инвестор кырк тогуз жылдык ижара акысы үчүн шаар бюджетине 67 млн доллар төлөйт.


Мындан тышкары, ошол аймакта 3,5 млрд сомго үч орто мектеп, үч бала бакча, парк зоналарын, жолдорду, тротуарларды жана коммуналдык тармактарды куруп, шаардык бюджетке акысыз өткөрүп берет. Ошондой эле Бишкек шаарынын Башкы планынын концепциясын иштеп чыгууга 250 миң доллар каражат бөлөт.


“Ачык бюджет” порталындагы расмий маалыматка караганда, “РЦА Ливинг” инвестициялык келишим түзүлгөндөн эртеси эле, 15-октябрда “инвестициялык келишимдин 10% авансы” деп шаар бюджетине 572 млн 850 миң сом которгон.


27-ноябрда дагы 27 млн доллар же 2 млрд 343 млн 600 миң сом которгону белгилүү болду.


Шаар бийлиги ат майдандын жерине жалпысынан 87 млрд сомдук инвестициялык каражат жумшалат деп билдирүүдө. Келишимдин тексти ачык жарыяланган жок.


Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, “РЦА Ливинг” жайында жерди сатып алууга кызыкдарлыгын билдирген вьетнамдык ROX Group жана TNG Global Foundation компаниялары ачкан туунду компания экенин айтып берди:


“Вьетнамдыктар ишти жүргүзүп атат. Биз ачыкка чыгарганбыз. Массалык маалымат каржаттарына бул маалыматты ачык бергенбиз. Ал эки компанияны белгилеп, атын чыгарып бергенбиз. Анан кесиптештериңер да изилдөө жүргүзүп, ал маалыматтардын баарын чыгарган. Бир гана биздин мыйзамдарга ылайык, бул компаниялар бизде дагы өкүлчүлүктөрүн ачышы керек. Ошондуктан биз бул долбоорду баштагандан тарта булар өздөрүнүн өкүлчүлүгүн бул жакта ачты. Жаңы баштап атат, жакында ачылат”.


“РЦА Ливинг”: вьетнамдык холдинг, оффшордук компания жана кыргызстандык жаш жигит

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, “РЦА Ливинг” фирмасы 19-августта түзүлгөн. Укуктук жактан фирманы Салим Шабазов аттуу кыргызстандык жаран менен “Силвердейл Лимитед” деген чет элдик компания негиздеген. Жетекчиси катары вьетнамдык Фан Ань Шон (Phan Anh Son) аттуу жаран көрсөтүлгөн.


“Силвердейл Лимитед” компаниясы тууралуу Кыргызстанда маалымат жок. Ачык булактардагы маалыматтар ушундай аталыштагы компания Улуу Британиянын юрисдикциясындагы оффшордук аймактарда түзүлгөнүн көрсөтөт.


23 жаштагы Салим Шабазов Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазовдун тууганы болот.


Депутат алардын тууганчылыгы бар экенин, бирок Салим Шабазов менен да, “РЦА Ливинг” менен да юридикалык карым-катышта эмес экенин билдирди:


“Ал менин алыс инилерим болот. Маркум атамдын үч ата өткөн агасынын баласы. Мен бул тууралуу кечээ мага жиберишкенде окудум. Адамдар да кызык, алгач түшүнүп алышы керек да. Биринчиден, биз ал үй-бүлө менен көп жылдан бери жолуга да, көрүшө да элекпиз. Алар эмне менен алектенишерин мен билбейт экем. “РЦА Ливинг” компаниясына менин эч кандай катышым жок. Эгерде юридикалык байланышың болсо, ошентип айтса болот, болбосо ким эмне иш кылып жатканын мен кайдан билейин? Компанияга эч кандай байланышым жок”.




Ал эми Фан Ань Шон болсо Вьетнамдагы ROX Group холдингинин сайтында жетекчинин орун басары болуп иштээри жазылган.


ROX Group жабык акционердик коому ушул жылдын башына чейин TNG Holdings Vietnam деп аталып келген. 1996-жылы түзүлгөн ал холдинг онго чукул ар тармактуу компанияларды өзүнө камтыйт. Расмий сайтындагы маалыматка караганда, ROX Group шаар жана өндүрүш парктарын өнүктүрүү, кыймылсыз мүлктү башкаруу, соода жана тейлөө кызматтары, мейманкана бизнеси, энергетика жана финансы-банк тармагында иш алып барат.


Гибралтардагы TNG Global Foundation компаниясын да вьетнамдык Туан Тран аттуу ишкер түзгөн. Түпкүлүгүндө TNG Global Foundation дагы, ROX Group дагы Туан Транга таандык компаниялар болуп чыгат.


Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров өкмөттүн инвестициялык долбоорду оффшордук аймакта түзүлгөн компанияларга байланышкан фирмага берип коюшу өз мезгилинде суроолорду туудурарын айтат.


Ал бийлик жергиликтүү инвесторлорду ар кандай кысымдар менен коркутуп албаганда, “Аккуланын” жерин алар деле куруп коймок деп эсептейт:


“Сырткы инвестор көбүнчө чоң завод курса же ички инвесторлор кыла албаган иш болсо керек. Эми үй курганды биздин жергиликтүү ишкерлер жакшы эле үйрөнүп калды. Менин оюмча, бир жагынан жергиликтүү ишкерлердин арасында сынак өткөрсө, мындан кем эмес шартта деле салууга макул болушмак. Бирок бир жагынан акыркы бир-эки жылдан кийин тартынып да калышты. Бир канча чоң-чоң курулуш компаниялардын жетекчилерин “кустуризация” деп коёбузбу, иши кылып ошондой бир нерсе болбодубу, ошондон кийин алар да коркуп калышты окшойт. Бул жерде, менимче, ички инвестор сырткы инвесторго караганда жакшы. Анткени ички инвестор тапкан акчасын ичкериде калтырат. А сырткы инвестор үйүнө ташып кетет. Эгер ички инвестор кыла албаган иш болсо, анда сырткы инвестор технологиясы менен келсе, жакшы. Бирок эгер ички инвестор ал ишти жакшы жасай алса, албетте, артыкчылыкты ички инвесторго бериш керек”.


Бишкектеги "Ай-Пери" бизнес борбору дагы ошол эле инвесторлорго буюрабы?

“Аккула” ат майданынын жерине улай, Бишкектин так ортосундагы “Ай-Пери” бизнес борборунун расмий түрдө 568 млн сомго бааланган 98,41% мамлекеттик үлүшү дагы чет элдиктер түзгөн “РЦА Бишкек” аттуу фирмага сатылганы жатканы кабарланууда. 26-ноябрда өткөн формалдуу аукцион катышуучулардын жетишсиздигинен улам болбой калган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги журналисттерге берген маалыматында аукционго башында “РЦА Ливинг” фирмасы да катышып, бирок кийин “РЦА Бишкекке” жол бошотуп бергенин билдирген.


“РЦА Ливинг” жана “РЦА Бишкек” деп аты уйкашкан эки фирма тең түпкүлүгүндө бир эле адамдарга байланыштуу экени ачык булактарга көз жүгүрткөндө эле дайын болот.




“РЦА Бишкек” фирмасы аукционго катышардан туура эки жума мурда, 12-ноябрда түзүлгөн. Аны түзүүдө “Скай девелопментс Лимитед” деген компания жана Иван Кошарный аттуу жаран катышкан. Жетекчиси катары Нгуен Мань Хунг (Nguyen Manh Hung) аттуу вьетнам жараны көрсөтүлгөн. Нгуен Мань Хунг дагы “Аккула” ат майданын сатып алган ROX Group холдингинин жогорку жетекчилеринин бири болуп эсептелет.


Холдингдин сайтындагы маалыматтарга караганда, Нгуен Мань Хунг анын операциялык департаментин башкарат жана холдингдин курамындагы TN Power Energy фирмасынын башкы директору болуп иштейт.


“Ачык бюджет” порталын карасак, Нгуен Мань Хунг өз фирмасынан тышкары “РЦА Ливингдин” акча которууларын да тейлеп келет.




Бишкек мэриясы буга чейин ат майдандын жеринин жалпы аянты 57,4 гектар экенин билдирип келген. 2021-жылы анын 55,8 гектарын муниципалдык баланска кайтарып алганын, калган аянты боюнча да соттук териштирүүлөр жүрүп жатканын жарыялаган. Учурда вьетнамдык ишкерлерге 53,5 гектары бериле турган болсо, калган 4 гектарга чукул жери эмне болгону белгисиз.


Термечиков көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу боюнча электрондук аукцион 15-апрелде жана 11-июнда эки жолу жарыяланып, арыз жоктугуна байланыштуу экөөндө тең өтпөй калган. Мыйзамга ылайык, аукционго чыгарылган муниципалдык мүлк эки жолу сатылбай калса, анда аны жергиликтүү кеңештин чечими менен түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүгө болот.


“Ай-Пери” бизнес борбору Бишкектин так ортосунда, Чүй проспекти менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Аны Улуттук коопсуздук комитети маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен экс-бажычы Райымбек Матраимовго таандык мүлк катары мамлекетке өткөрүп алганын жарыялаган. Мүлк буга чейин бир нече жолу аукционго чыгарылып, бирок сатылбай келген.

Читайте на 123ru.net