World News

Башкы прокуратура Улуттук Гвардияда аскердин сабалганы териштирилип жатканын билдирди

Башкы прокуратура Улуттук Гвардиянын 10126 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Эрик Шаршенбаевдин сабалганы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Шаршенбаевдин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Маалыматта текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынары жазылган.


Шаршенбаев учурда Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүндө жатат. Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, окуя 15-ноябрда болуп, Шаршенбаев 22-ноябрда госпиталга жаткырылган. Ага курч постстрептококк гломерулонефрити, нефротикалык синдром, экинчи топтогу артериалдык гипертензия деген диагноз коюлган, оң бөйрөгү жараат алганы аныкталган. Абалы орточо оор деп бааланууда.


Коргоо министрлиги бул окуяга байланыштуу Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын командачылыгы алдын ала кызматтык иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн материалдары Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин 2-декабрда билдирди.


Армияда кызмат өтөп жаткандардын арасында чоңсунуу көйгөйү чечилбей жатканы көп айтылып жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер оз жанын кыйган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид деп бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган.

Читайте на 123ru.net