Медербек Сатыев сот реформасын дресс-коддон баштадыбы?
Социалдык тармактарда Жогорку соттун төрагасы болгонуна бир айдан эми ашкан Медербек Сатыевдин башкаруу ыкмасы, кызматкерлерге жасаган мамилеси талкууланууда. Ал ишке киришкенден бери Сот департаментин күтүүсүз текшерди, Сот адилеттиги боюнча кеңештин, ага караштуу Жогорку мектеп ишинен кабар алды.