World News

Примов Кыргызстан миграция саясатында орус Думасынын колдоосуна ишенерин айтты

Кыргызстан Орусиядагы миграция саясатында орус парламентинин колдоосуна ишенерин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов 2-декабрда Москва шаарында өткөн жолугушууда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен Орусиянын Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук комитеттеринин биринчи биргелешкен жыйыны өттү.



Анда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Орусиядагы миграция саясаты парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө алып келип жатканын белгиледи.



"Биздин аракеттерибиз координациялоону жана тажрыйба алмашууну талап кылган жаңы кыйынчылыктарга туш болууда. Бул багытта парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани беребиз".



Примов Жогорку Кеңеш өз кезегинде парламенттер аралык байланыштарыбыздын жогорку деңгээлин сактоого жана арттырууга умтуларын кошумчалады.



Жыйындын катышуучулары парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү, Борбор Азиядагы миграция жана коопсуздук чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.



Федерация Кеңешинин төрагасы Константин Косачев Кыргызстанды маанилүү, жакын өнөктөш катары эсептерин белгилеп, ошол эле учурда кошумча көңүл бурууну талап кылган айрым маселелер да бар экенин айтып кетти. Ал талкууланчу бардык маселелер эки тараптуу кызматташтыктын мүнөзүнө таасир эте албасын кошумчалады.


Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Бул окуядан кийин Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, келгиндердин укугун чектеген бир катар мыйзам долбоорлору сунушталган.




Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.



Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мындан улам Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген учурлар бар.


ТИМдин маалыматында, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант бар экени аныкталган. (ZKo)




 

Читайте на 123ru.net