World News

Тажикстанда дрон кулаган аймакты полиция курчоого алды

Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүгө жакын жерге аскердик учкучсуз аппаратка окшош дрон кулаган соң аймакты полиция толук курчоого алды. Борбор калаадан беш чакырым алыстыкта жайгашкан Шарор шаарына 3-декабрда кулаган дрон тууралуу бийлик эч кандай маалымат берген жок.


"Озоди" радиосунун кабарчыларынын колуна тийген видеодон дрон жерге түшөрдүн алдында мамыга урунганын көрүүгө болот. Окуя жай тургундар жашаган жерге жакын болгон. Алардын айтуусуна караганда, жабыркагандар же кыйроолор жок. Коргоо министрлиги бул боюнча жооп берүүдөн баш тартты.


Бул аймакта Орусиянын жана Тажикстандын аскердик базалары жайгашкан. Тажикстандын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн Айни жана 201-аскердик дивизиянын бөлүгү отурукташкан Орусиянын аскердик базасы да анча алыс эмес аралыкта жайгашкан. 




Айрым талдоочулар дрондун көлөмүн жана аскердик конструкциясын карап чыгып, ал чет элдик дрон болушу мүмкүн экенин боолгошту.


Соңку жылдары Тажикстан аскердик учкучсуз аппараттарды негизинен Түркия жана Кытайдан алып келет. Чет жактагы Орусиянын эң ири аскердик базасы деп эсептелген Тажикстандагы база дагы дрондорду колдонуу менен ар кандай операцияларды өткөрүп жүрөт.




 

Читайте на 123ru.net