Президент Жапаров жарандарды ички жолдорго инвестиция салууга чакырды
Прездент Садыр Жапаров ички жолдорду салууда мамлекеттик-жеке өнөктөшүк системасы иштей баштаганын, мындай долбоорлорго жарандарды инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу ал 6-декабрда Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун ачылышында билдирди.
Бул жол мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салынган алгачкы долбоор экенин тактады.
“Ушундай эле ыкма менен каалоочулар башка альтернативдүү, акы төлөп жүрчү жолдорду курууга катыша аласыздар. Бул ошол эле Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Кемин районундагы Кара-Булак айылына чыгуу менен пландалган Алматы – Узун-Агач – Кара-Кастек – Суранчы баатыр – Кастек – Карасай баатыр унаа жолу (84,4 км), эгерде бул жактан салабыз десеңиздер, Ош шаарынын айланма жолу (35 км), Ноокатта (12 км) жолу да бар. Мындан башка бир топ альтернативдүү жолдорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен салууга даярбыз”, - деди Жапаров.
Президент жол салууга жеке жактарды катыштыруу чечими боюнча түшүндүрмө берип, мындай долбоорлор өзүн узак убакытта актай турганын, мамлекет эл аралык маанидеги жолдорду өзү салып, жеке жактарга альтернативдүү жолдорду бере турганын тактады.
Альтернативдүү жолдорду салууда ички инвесторлорго артыкчылык берилип, сынаксыз эле ишке катыштырууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.
Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынды.
Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.
Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айткан. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.
6-декабрда Тай-Мурас Ташиев бул долбоордон чыкканын, анын үй-бүлөсүнүн жолго эч кандай тиешеси болбой калганын ЭлТР каналына берген маегинде билдирген.
Айланма жолдон өткөн жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алынат. Өкмөт менен жолду салып жаткан компания 49 жылга келишим түзгөн.
30 жаштагы Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин тун уулу. Ал 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. (TAb)