World News

Ташиевдин уулу Өзгөндөгү айланма жол долбоорунан чыкканын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал өзү 6-декабрда ЭлТР телеканалына берген маегинде айтып, мындай чечимге атасынын сунушу себеп болгонун тактаган.


“20 жыл мурун курулган заводду сатып, кошумча насыя алып, жолго сарптадык. Бул өтө татаал жолдордун бири жана ал 15-20 жылда өзүн акташы мүмкүн. Мен азыр бул долбоордо жокмун. "Темиров лайв" деген блогер видео чыгарган экен. Аны атам көрүп, “балам, силер жакшылык кылып жатсаңар, аны көрө албай, мамлекеттен акча уурдап жатасың дегендей мааниде көрсөтүп атканына байланыштуу бул долбоордон чык” деди. Бул долбоордон мен чыгып кеттим, азыр үй-бүлөбүздүн буга эч кандай катышы жок. 100% чыгып кеттик”, - деген Тай-Мурас Ташиев.


Өзгөн шаарын айланып өткөн 14 чакырымдык жолдун ачылышы 6-декабрда өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.


Журналист Болот Темировдун Temirov Live Ютуб каналында 1-октябрда "Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?" деген иликтөө чыккан. Анда Өзгөн айланма жолун “Тез жол” компаниясы салып жатканы, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.


Президент Садыр Жапаров 2-октябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Өзгөндөгү айланма жолду салууга Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын айткан. Ал мамлекет узак убакытта өзүн актай турган долбоорлорго каражат салбай турганын, мындай иштерге жеке жактарды тартууга кызыкдар экенин кошумчалаган.


30 жаштагы Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин тун уулу. Ал 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. (TAb)

Читайте на 123ru.net