World News

Ташиев "башкаларга сабак болушу үчүн" оорукананын башчысы жыйында кармалганын айтты

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күч кызматкерлери чогулуш маалында алып кеткен Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун биринин жетекчиси тууралуу маалымат берди. Ал "Регион" телеканалындагы түшүндүрмөсүндө УКМК коррупцияны токтотууга байланыштуу медицина кызматкерлерин чогултуп жыйын өткөргөнүн, ал оорукананын башычысы башкаларга сабак, мисал болсун деген негизде жыйында кармалганын айтты. Эки күндөн кийин ошол жыйынга катышкан дагы бир жетекчи пара алуу шек саналып колго түшкөнүн билдирди.


"Коррупцияны токтотуу максатында көптөгөн иш-чаралар өтүп жатат. Менин тапшырмамдын негизинде бардык аймакта УКМКнын кызматкерлери мамлекеттик орган-мекемелерде иштеген адамдар менен чогулуштарды өткөрүп жатат. Бирок ошого карабай коррупциялык элементтер токтобой келет. Жакында эле Ош шаарында Ош облусундагы бардык медицина кызматкерлерин чогултуп, чоң жыйын өткөргөнбүз. Ошол жерде биздин кызматкерлер коррупцияга каршы күрөштүн ыкмаларын айтып, мыйзамдуулукту жеткирген. Ошол жерден көрүнүктүү болсун, мисал болсун деп ошол чогулушта отурган жетекчини алып кетип жоопко тартканбыз. Башкаларга сабак болсун деген максатта жасаганбыз. Бирок ошол жыйындан эки күн өткөндөн кийин ага катышкан бир жетекчи кайра эле пара алуу менен колго түштү", - деди Ташиев.



Буга чейин бийликчил телеканалдар УКМКнын кызматкерлери Ош шаарындагы №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Батма Кудайбердиеваны чогулушта, элдин көзүнчө суракка алып кеткенин көрсөткөн. Анда атайын кызматтын аймактагы башкармалыгынын жетекчиси Даниел Рысалиев Кудайбердиевадан коррупцияга байланыштуу сот күнөөлүү деп тапкан адамды эмне себептен кызматка алганын сураган. Кудайбердиева бул орунга жаңы эле келгенин, жагдайды билбей турганын айтканына карабай суракка алып кетишкен.



Жогорку Кеңеште ушул тапта коррупцияга байланыштуу айыпталгандарга жазаны күчөтүү каралган, УКМК даярдаган мыйзам долбоорун карап жатат. Эгер документ парламентте колдоо таап, президент кол койсо, паракорчулук менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат, жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.




 

Читайте на 123ru.net